Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги: "Бакубат Талас" командасы Жогорку Лиганын коло медалын тагынды

Бүгүн, 20-мартта Бишкекте Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.

Жогорку Лиганын коло медалы үчүн "Бакубат Талас" жана "Көк Жал" командалары беттешти.

Беттеш баштан аяк "Бакубат Таластын" үстөмдүгү менен өттү. Биринчи бөлүктө таластык команда 2:0 эсеби менен алдыга чыкса, 2-таймда эсеп саны 6:0гө айланды. "Көк Жал" командасынын эсеп айырмачылыгын кыскартуу аракетинен жыйынтык чыккан жок. 3-бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө гана "Көк Жалдын" 2-номердеги оюнчусу 1 улак таштаганга жетишти. Буга "Бакубат Таластын" оюнчулары дагы 2 улак таштоо менен жооп берип, жалпы 8:1 эсебинде оюн соңуна чыкты.

Жыйынтыгында таластык команда Жогорку Лиганын коло медалына ээ болду.

Биринчи жана Жогорку Лиганын финалдык беттештери эртең, 21-мартта орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан