Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лигасынын финалдык беттеши орун алууда. Анда 1-2-орундар үчүн Таластын "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары беттешүүдө. Буга чейин Биринчи Лиганын алкагында беттешкен "Келечек" жана "Алкан Ата" командалары беттешишкен.
3 бөлүктөн турган оюнда Таластын командасы мыкты аталып, жалпы 4:1 эсебинде жеңишке жетишип, Биринчи Лиганын чемпиону аталган. Ал эми "Келечек" командасы 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгон.
Оюн аягына келди. Таластын "Ынтымак" командасы 3-жыл катары менен Өлкө биринчилигин жеңип алды. Эсеп саны 6:1. Учурда сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө.