Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лигасынын финалдык беттеши орун алууда. Анда 1-2-орундар үчүн Таластын "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары беттешүүдө. Буга чейин Биринчи Лиганын алкагында беттешкен "Келечек" жана "Алкан Ата" командалары беттешишкен.
Үч бөлүктөн турган оюнда Таластын командасы мыкты аталып, жалпы 4:1 эсебинде жеңишке жетишип, Биринчи Лиганын чемпиону аталган. Ал эми "Келечек" командасы 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгон.
13:51. Саналуу мүнөттөрдөн кийин "Ынтымак" (Талас) - "Достук" (Ош) курама командаларынын кыл чайнашкан беттеши башталат.
13:54. Ат майданына суу чачылып командалар оюнга даярдык көрүшүүдө. Алып баруучулук тизгинди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков аркалоодо.
13:56. Көрүүчүлөрдүн саны көп болгондуктан айрымдар ат майданына батпай калышты. Алар өз командаларын алдыга сүрөп, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан учуру.
14:00. Улак ташталып оюн башталды. Дароо эле эки команданын оюнчулары өздөрүнун чеберчиликтерин көрсөтө баштады.
14:05. "Достук" командасынын оюнчусу улакты такымга басып тай казанды көздөй чаптырып, бирок чабуул атаандаштары тарабынан үзгүлтүккө учурады.
14:07. Улак жерде. "Ынтымак" командасы улакты эңип, өз аракетин көрүүдө. Тай казандын жанында болгон аракет оңунан чыгып, эсеп саны ачылды.
14:10. "Ынтымак" командасы чабуулдарын улантып атаандашынын шаштысын кетирип жаткан учуру.
14:14. Кайрадан улак тай казанда. "Ынтымак" командасы алдыда. Эсеп 2:0.
14:16. Командалар ортосунда келишпестик орун алып, буга карабастан "Ынтымак" командасы алдыга озунуп эсепти 3:0 кылды.
14:18. Улак жерде. Күйөрмандардын Талас деп командасын алдыга сүрөп жаткандыгы угулууда.
14:20. "Ынтымак" командасы дагы бир улак салып, бирок оюнчу тай казанга урунуп, оюн талаасында жатканын көрүүгө болот. Эсеп 4:0. Оюнчунун абалы жакшы, кайрадан катарга кошулду.
14:21. Биринчи бөлүк соңуна чыкты.
14:26. Бир канча көз ирмемдерден кийин 2-бөлүк старт алмакчы.
14:27. Коңгуроо жаңырып экинчи бөлүк башталды.
14:28. Оюнчулар гана эмес, күлүктөр да атаандаштык кылып жатканы байкалууда.
14:31. Жекеме-жеке чыгуу. "Ынтымактын" оюнчусу такымга улакты катуу кысканына карабастан "Достук" командасынын оюнчусу тырмышып, улакты тартып алуу аракетин көрүүдө.
14:35. Көрүүчүлөр тоскоолдук жаратууда, буга байланыштуу алып баруучу аларды тартипке чакырды.
14:38. Улак жерде. Тиреш уланууда.
14:40. Жекеме-жеке чыгуу. Улак чийинден чыга элек.
14:42. "Достук " командасынын оюнчусу улакты топ алдагандай алдап, тай казанга бет алды. Аракети оңунан чыкпай улак жерде.
14:43. Көрүүчүлөр "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязовдун оюн көрсөтүүсүн талап кылып кыйкырып жаткандыгы угулууда. Бул оюнда Ниязов өзүн азырынча көрсөтө элек.
14:45. Бүйүр кызыткан оюнда улакчылар өздөрүн мыкты көргөзүүдө. 2-бөлүмдүн акыркы мүнөттөрү орун алууда. Эсеп саны өзгөргөн жок.
14:47. 2-бөлүк соңуна чыкты. "Достук" командасына эсеп санын өзгөртүүгө 20 мүнөт гана убакыт бар. Оюн кандай жыйынтыкталат азырынча белгисиз.
14:52. Эскерте кетсек, өткөн 2018-жылкы Өлкө биринчилигинде "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ушул эле Талас облусунан чыккан команда 2017-жылы "Достук" командасын 8:7 эсебинде жеңип алган.
14:56. Мурунку финалдарда "Ынтымак" командасын жеңишке жетелеген аргымактар Ахиллес менен Геркулес экени баарыбызга эле маалым болсо керек. Бүгүн да алар мыкты оюн көрсөтүүдө.
14:57. 3-бөлүк башталды. "Ынтымак" командасы чабуулду дароо баштады.
15:00. Жекеме-жеке чыгуу. Кайрадан "Ынтымак" командасы атаандашына үстөмдүк кылып, улакты такымга кысуу аракетин көрүүдө.
15:03. Улак "Достукта", бирок оюнчу чийинден чыгып кетти.
15:05. Эсеп 5:0. "Ынтымактын" оюнчулары кош колдоп салган улагы бешинчи болду.
15:06. Кайрадан 1 улак салынып "Ынтымак" командасы мыктылыгын көрсөтүүдө. Эсеп 6:0.
15:08. Жеңиш даамын татып калган "Ынтымак" командасы үстөмдүк кылууда. Манас Ниязов 1 улак салып эсеп санын 6:1.
15:11. "Достук" командасына жан кирип курч оюн болууда. Кыяз Ниязов аракет кылганы менен, тай казандын жанынан улакты алдырып жиберди.
15:15. Оюндун акыркы мүнөттөрү.
15:16. Жеңиш ким тарапта болору белгилүү болуп калды окшойт. Буга карабастан кыл чайнашкан беттеш уланууда.
15:17. Ошентип оюн аягына келди. "Ынтымак" командасы үчүнчү жыл катары менен Өлкө биринчилигин жеңип алды. Эсеп саны 6:1. Куттуктайбыз!
15:19. Сыйлык тапшыруу аземине командалар чакырылды. Бирок финалда ойногон 2 команданын ортосунда пикир-келишпестик чыгууда.
15:37. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, Жогорку Кеңештин спикери баш болгон атка минерлер сөз алып сүйлөштү.