2013-жылдын январь-июль айларында Нарын облусунда 2735 ымыркай төрөлдү, бул былтыркыга салыштырмалуу 19 ымыркайга көп. Ал эми 6 айдын ичинде 37 ымыркай өлүү төрөлүп, былтыркыдан 10 учурга көп катталды. Облус боюнча кенже балдардын өлүмү боюнча 52 учур катталды. Нарын шаарында 6 ай ичинде 12 бала көз жумса, Ат-Башы районунда 17 бала каза болгон.