Ош шаарында 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 3624 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 101 кишиге көп. Ал эми пенсиясынын өлчөмү 6000 сомдон ашпаган 195 пенсионер бар экендигин мэриядан билдиришти. Ош шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кезекте турган I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга 28 араба акысыз берилди.