Элизабет Турсынбаева Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышып калуусу мүмкүн эле. Мындай пикирин анын апасы Падишахан Султаналиева 2015-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, 2013-жылы Элизабеттин казак же кыргыз желеги астында мелдештерге чыгары тууралуу үй-бүлөлүк талкуу болгон.
"Кызымдын атасы казак болгондуктан казак желеги астында чыгууда. Бирок Москвада жашап жүргөн учурда Орусиянын атынан чыкчу. 2013-жылы гана Элизабет казак же кыргыз желеги астында чыгуу керектигин ойлондук. Кыргыз өлкөсү тууралуу сураштырып көрсөк, бизде муз үстүндө бийлөө боюнча федерация жок болуп чыкты. Казактарда кыздар арасында Элизабетке чейин дүйнөнүн мыкты спортчулары менен атаандашкан муз тебүүчү чыккан эмес. Мындай жолду түптөп, биринчи болуу өтө оор болду", - деп билдирген Падишахан Султаналиева.
Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугу 22-мартта жыйынтыкталып, орусиялык Алина Загитова алтын байгени багындырса, казакстандык Элизабет Турсынбаева күмүш медалга ээ болду. 19 жаштагы Элизабеттин апасы Падишахан Султаналиева кыргыз кызы болсо, атасы Байтак Турсынбаев Казак жараны экендиги көпчүлүккө белгилүү.