18-22-мартта Бишкек шаарында аялдар арасындагы волейбол боюнча өлкө чемпиондугунун 2-туру орун алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө чемпиондугунун медалдары үчүн күрөш жүргүзүп жаткан 6 команда өз ара беттешип, "Салам-Алик" командасы бир да жеңилүүгө дуушар болбой 10 упай топтоду. Ал эми учурдагы чемпион "Дордой" командасы 2 жолу жеңилүү ызасын тартты.
Беттештердин жыйынтыгы:
18-март
"Дордой" - ЛИМА - 3:0;
"Салам-Алик" - "Билим" - 3:0;
"Улар" - "Алай-Датка" - 3:2.
19-март
"Алай-Датка" - ЛИМА - 3:0;
"Улар" - "Салам-Алик" - 0:3;
"Дордой" - "Билим" - 3:0.
20-март
"Улар" - "Билим" - 2:3;
"Дордой" - "Алай-Датка" - 3:1;
"Салам-Алик" - ЛИМА – 3:0.
21-март
"Дордой" - "Салам-Алик" - 0:3;
"Улар" - ЛИМА – 3:0;
"Алай-Датка" - "Билим" - 0:3;
22-март
"Алай-Датка" - "Салам-Алик" - 1:3;
"Билим" - ЛИМА – 3:0;
"Дордой" - "Улар" - 0:3.
Чемпиондуктун жадыбалы:
"Салам-Алик" - 18 упай;
"Дордой" - 18 упай;
"Улар" - 17 упай;
"Билим" - 14 упай;
"Алай-Датка" - 13 упай;
ЛИМА - 8 упай.
Чемпиондуктун жыйынтыктоочу 3-туру 22-28-апрелде өтөт.