29-июлдан тартып Бишкектин айрым жерлерине жаратылыш газын жана ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгынан билдиришти. Газдын чектелиши кыш мезгилине даярдык көрүү, газ түтүктөрүндөгү жана техникалык жабдуулардагы газ берүүнүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу болмокчу. Газ менен ысык суунун чектелиши төмөнкү жылуулук берүү мекемелеринде болот:
1. "Жер бөлүштүрүү институту"
2. "НГЧ"
3. "Жал"
4. "Ротор"
5. "Орто-Сай"
6. "Шаардык оорукана".