Футболчу Эден Азар "Реал Мадридге" өтүүгө макул болду

Англиялык "Челси" футболдук клубунун жарым коргоочусу Эден Азар испаниялык "Реал Мадридге" өтүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Азар "Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин мадриддик клубга өтүүгө макулдугун берген.

"Челси" клубу жарым коргоочуну 200 миллион доллардан кем эмес акчага сатууну көздөйт. "Реал Мадрид" 150 миллион доллар сарптоого макул. Эки тарап бааны келишкенден кийин, Азар менен испан клубу 5 жылдык келишим түзүүнү пландап жатат", - деп жазылат маалыматта.

Бельгия курама командасынын оюнчусу Эден Азар 2013-жылы "Челси" клубуна келген. Бул аралыкта Англия чемпиондугунда 237 оюн өткөрүп, 82 гол жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Gisi
2019-03-24 14:52:09
Куш келипсин Мадридге
-3
pochtalyonin
2019-03-24 15:39:32
сенин местан каталонияда болчу ((
-7
Jeenbek.
2019-03-24 16:22:11
Жакшы болот эле
+3
FCB14
2019-03-24 16:24:47
.
-3
Kalnazarov89
2019-03-24 17:34:56
Мбаппени алышса болмок.Азар обу жок ойунчу,жч жакпайт.
-6
ulanbek2000
2019-03-24 19:02:34
Kalnazarov89, Мбаппени дагы алат буйруса
+3
daniyar93
2019-03-24 22:23:10
Эн сонун
0
Zidan2
2019-03-25 02:02:22
Таз баш Роналдуну эле алып кел кайра
0
Bale1111
2019-03-25 19:50:06
Быйылкы трансферде көп оюнчулар келет Мадридке Мбапе да келет Роналду да кайтышы мүмкүн
-2
kyrgyz.93
2019-03-26 14:19:37
Bale1111,Айттыбы сага келем деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан