Ош облусунун Ноокат районунун 1967-жылы туулган Б.Т. аттуу тургуну үйүндө 2011-жылдын жаз айларынан бери бир нече адамды кул катары кара жумушта акы төлөбөй иштетип жүргөндүгү белгилүү болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кулдукта иштегендер беларустук 1961-жылы туулган К.А., Араван районунун Төө-Моюн айылынын 1963-жылы туулган тургуну К.Б., Өзбекстандын 40 жаштагы жараны А.Р. жана жердиги тактала элек 45-50 жаштардагы Ислам аттуу жаран болгон. Мындан башка да 2 адам бар, алар өздөрү тууралуу маалымат бере алышкан эмес. Териштирүүдө алар бул жерде кул катары иштеп, эч жакка чыгарбай кайтарып жатканын айтышты. Учурда Ноокат РИИБинин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.