Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрларда актёр жана режиссёр Эркин Эгембердиевдин идеясынын негизинде тартылган "Ракета" тасмасы көрсөтүлүүдө. Тасмада Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын профессионалдуу актёрлору роль жараткан. Тасманын кыскача мазмунуна кайрылсак, анын негизги өзөгүн Ракета аттуу кишинин жашоосу түзөт. Башкы каармандардын бири Ракета кайсы бир жылдары эл менен катар эле Бишкектин чекесинен жер тилкесине ээ болот. Аталган жер үлүштөрүн курулуш компаниялардын бири мыйзамсыз басып алынган жер үлүштөрү деген жүйө менен карапайым элден алып коёт. Жер тилкесинен, үйүнөн куру жалак калган элдин арасында Ракета дагы бар. Ал башкалардан айырмаланып, жер үлүшүн кайтаруунун жолун ойлонот. Жан-жөкөрлөрү менен сүйлөшүп алып, компаниянын башчысы Жылдыз аттуу кызды уурдап, барымта ордуна акча талап кылууну пландайт. Окуя ушул учурдан баштап курчуп, ары күлкүлүү, ары боорду эзген көрүнүштөр менен коштолот. Режиссёр Эльдар Турдумамбетов жалпысынан тасма аркылуу коомдогу бир нече көйгөйлүү маселелерди чагылдырууга аракет кылган. Анын арасынан азыркы жаштардын негизги көйгөйү турак-жай маселеси экенин баамдоого болот.
Тасма 14-марттан тартып бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. Андан бери ага карата көрүүчүлөр тарабынан жакшы пикирлер айтылып жаткандыктан, тасманын жаратуучулары актёрдук курамды элге дагы бир ирет тааныштырууну уюштурушкан.
Тасма тууралуу кененирээк сюжетти SUPER TV бөлүмүнөн эртең, 26-мартта көрө аласыздар.