2013-жылдын 6 айында өлкө аймагында 14 029 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга аз. Мындай маалымат бүгүн, 26-июлда ИИМдин жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарууда белгилүү болду. Жалпы кылмыштардын ичинен 12 233 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан катталган. Ал жалпы катталган кылмыштардын 87,1 пайызын түзөт. Маалыматка ылайык, кылмыштардын катталуусу Ош облусунда 11,8 пайызга, Чүй облусунда 11,2 пайызга, Ысык-Көл облусунда 11,8 пайызга, Жалал-Абад облусунда 8,5 пайызга жана Бишкек шаарында 1,4 пайызга төмөндөгөн.