Ырчылар жана жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү үлпөт тою бүгүн Бишкек шаарында өтмөкчү. Учурда эки жаш достору менен сейилдөөдө жүрүшөт.
Алгач Ошто, эми Бишкекте үйлөнүү тоюн берип жаткан Аваз менен Айдана бүгүн досторунун курчоосунда заманбап тоюн жаштарга ылайыктап уюштурушкан.
Таттуу түгөйлөр алгач достору менен тойго ылайыкташкан автобуска отуруп сейилдөөгө чыгышты. "Тойдо жолдошум үчүн сюрприз даярдап жатам. Буюрса, кечинде ага күбө болосуздар", - дейт Айдана Дека.
14-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Аваз Акимов менен Айдана Деканын махабат майрамына карата концерти өткөн. Анда Аваз Акимов Айдана Деканын колун сураган. 10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Айдана Деканын кыз узатуу тою өткөн. 16-мартта түгөйлөрдүн алгачкы тою Ош шаарында өтүп, Аваз Акимовдун ордолуу Ошто жашаган туугандары эки жашка баталарын беришкен.