Дагы бир Кыргыз футболчусу беларустук клуб менен келишим түздү

Футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу Атай Жумашев карьерасын Беларусь чемпиондугунда улантат. Маалыматты SUPER.KG порталына Футбол федерациясынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, Жумашев Беларустун Жогорку Лигасында ойногон "Энергетик-БГУ" клубу менен келишим түздү. 21 жаштагы футболчу менен беларустук клубдун ортосундагы келишимдин мөөнөтү 1 жыл.

Атай Жумашев 1998-жылы Бишкек шаарында туулган. 2016-жылы "Абдыш-Ата" клубунун жаштар курамында ойноп, 2017-жылы негизги курамга өткөн. 2018-жылдын 2-жарымында Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубунда ижарада ойногон. Кант шаарынын клубунун катарында Топ-Лиганын күмүш (2017) жана коло (2018) медалдарын тагынган.

Улуттук курама команданын 17, 19 жана 21 жашка чейинки оюнчуларынын катарында бир нече беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-03-26 17:56:37
Бир жыл ичинде озуну корсотсон калдын,болбосо уйуно кеттин деген эле контракт болуптур да...
0
nurbek11
2019-03-26 20:00:36
Азаматсын иним чет олкого барып ойноп тажрыйба топтоп улуттук кураманы ошондой эле кыргыз футболун жогоруга которгуло.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан