Нарындагы Ат-Башы райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн район тургуну А. Серкебаева арызданууда. Өз арызында Серкебаева кош бойлуу учурунда мезгилинен мурда төрөтканага келип, дарыгерлердин шалаакылыгынан ымыркайы ичинен чарчап калганын айтат. Патологиясы бар кош бойлуу аялды райондук оорукана Нарын облустук төрөт бөлүмүнө өз убагынан кечиктирип жөнөткөн. Учурда баланын сөөгү көмүлгөн жерден кайра алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, тергөө жүргүзүлүп жатканын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова билдирди.