Бүгүн, 26-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека жаштарга арналган үйлөнүү тоюн өткөрүшүүдө. Тойдун басымдуу бөлүгүн кыргыз эстрадасынын жылдыздары ээлешти. "Ошто 500гө жакын элге той берип, бата алганбыз. Бишкектеги тойду жаштарга, досторубузга арнадык. Башында 200дөй конок чакырганбыз. Бирок таарынгандар чыгып, кошулуп отуруп 300гө жакын конок чакырылды", - дейт той ээси Аваз. Коноктордун көптүгүнө, көтөрүңкү маанайда жүргөндөрүнө караганда той бүгүн өзгөчө кызыктуу өтчүдөй. Ошондой эле эки жаштын эл алдында расмий түрдө никеси катталды.