Ырчы Жастин Бибер ырчылыкты убактылуу таштады

Ырчы Жастин Бибер ырчылыкты убактылуу таштады. Мындай чечимин ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Өзүнүн билдирүүсүндө Бибер чыгармачылык чөйрөдөн чарчагандыгын жана кайра качан сахнага кайтып келерин билбей тургандыгын жазды.

"Мен өспүрүм курагымдын баарын гастролдоп жүрүп өткөрдүм. Акыркы жолку гастролдук турда силер күткөн жыйынтыкты бере алган жокмун. Күйөрмандар чыныгы, сапаттуу жана жеңил концертти көрүү үчүн акча төлөшөт. Бирок ал нерсенин баарын аткара алган жокмун. Анткени мен чарчадым.

Азыр бир топ тереңдешип кеткен көйгөйлөрдү чечүү менен алекмин. Үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн жана өзүм каалагандай ата болуш үчүн ал маселелерди сөзсүз чечишим керек. Музыка мен үчүн абдан маанилүү, бирок менин ден соолугумдан жана үй-бүлөмдөн да маанилүү эч нерсе жок. Мен жаңы альбом менен, жаңы изденүүлөр менен сөзсүз түрдө кайтып келем. Мындан шек санабай эле койсоңор болот", - деп жазды Бибер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhesika
2019-03-27 13:59:24
Жастин кетпе пожалуйста. У тебя есть уникальная талант. Если читаешь моей коментарий береги себя
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-03-28 02:19:21
zhesika,)))) как будто Жастин каждый день читает super.kg
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан