26-мартта Кувейтте өтүп жаткан 2020-жылы өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна тандоо турунун тайпалык баскычы жыйынтыкталды.
Акыркы турда Кыргыз курама командасы менен талаа ээлери беттешип, 3:2 эсеби менен оюн кувейттик футболчулардын пайдасына чечилди. Эрнист Батыркановдун 2 голуна талаа ээлеринин оюнчулары 3 гол менен жооп беришти.
Тайпанын лидерлери Сирия менен Иордания өлкөлөрүнүн беттеши тең чыгуу менен аяктап, 7 упайга ээ болгон курамалар мелдештин финалдык баскычына жолдомо алды. Ал эми Кувейт 3 упайы менен 3-орунга ээ болсо, бир дагы упай топтой албаган Кыргыз өлкөсү Е тайпасынын акыркы сабына жайгашты.
Азия чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Иордания, Кувейт жана Сирия өлкөлөрү менен Е тайпасына туш келген. Алгачкы турда кыргыз курамасы Сириядан 2:0 эсебинде жеңилсе, 2-турдагы беттеш 3:0 эсебинде Иорданиянын пайдасына чечилген.