ӨКМ: Кемин районунда талаадан өрт чыгып, 10 гектар жердеги буудай күйүп кетти

ӨКМ Кемин районунда талаадан өрт чыгып, 10 гектар жердеги буудай күйүп кеткенин кабарлады. Кырсык 26-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон, ал эми өрттөнгөн жер жеке менчик дыйкан чарбалардын бирине тиешелүү экен. Өрт бир нече мүнөттүн ичинде эле чоң аянтты каптап, аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр бир нече саат жумшашты. Тилсиз жоонун келип чыгышына өчүрүлбөй ташталган чылымдын калдыгы себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-07-27 19:23:53
жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан