Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов орусиялык ырчы Алла Пугачёванын концертинде ырдайт. Мындай маалыматты ырчы инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
Анда ырчы Алла Пугачёванын чыгармачылык кечесинде көрүшкөнчө жакшы тургула деп жазган.
Ал эми орусиялык ырчынын концерти 8-апрель күнү Москвадагы Крокус-Сити холлдо болуп, алып баруучу Максим Галкин болмокчу. Бул кечеге Алла Пугачёваны куттуктап бир канча белгилүү ырчылар келет.