Казакстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кулап түшүп, толук күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тик учак бүгүн, 27-мартта Кызыл-Ордо облусунда кулаган.
"Анын эмне себептен кулап түшкөнү белгисиз. Ичинде 13 адам бар болгон жана жабыркагандар бар. Учурда кырсык болгон жерге коргоо министри өзү учуп кетти. Кырсык тууралуу маалыматтар такталууда", - деп жазылат маалыматта.