Мушкер Хабиб Нурмагомедов кийинки беттешин сентябрь айында өткөрөт

UFC уюмунун президенти Дана Уайт жеңил салмактагы чемпиондук курдун ээси Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттешинин датасын айтты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нурмагомедов сентябрь айында октагонго чыгат.

"Хабиб сентябрда чемпиондук курун коргоого аракет кылат. Азыркы учурда ал убактылуу мелдештерден четтетилген. Дисквалификациянын мөөнөтү бүткөндөн кийин ал орозо айынын аякташын күтөт", - деп билдирген Уайт.

UFC`нин президенти орусиялык мушкердин атаандашы ким болорун ачыктаган эмес. Нурмагомедов апрель айында орун алчу UFC уюмунун убактылуу титулу үчүн Дастин Пуарье-Макс Холлоуэй беттешинин жеңүүчүсүнө каршы октагонго чыгышы болжолдонууда. Ошондой эле орусиялык мушкер чемпиондук курун Тони Фергюсонго каршы беттеште коргошу да мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-03-28 13:29:53
Тони Фергюсонго чыкса вообще шанс жок Хабибке.
-4
bek_tash
2019-03-28 13:42:08
bond02, Убакыт көпсөтөт тууган. 5 мүнөт жашашыңа кепилдик бере албайсың...
+4
Skarlett-Skarlett
2019-03-28 14:54:06
Кыжырды келтирет ушул Хабиб.Тытышып кеткенден кийин эле сыйлабайм.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-03-28 14:58:18
Ото эле кеч болуп жатат чемпион болгондон кийин ашып кетсе уч айдан кийин зашита кыласын деген мыйзам койбойбу
+2
Adiletaitievkg
2019-03-28 22:58:10
Хабиптей уруша аласыңбы биринчи Адамда биринчи сый урмат болсо баары болот
0
Ferdews
2019-03-30 15:29:33
Тони менен бетешин кутом !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан