Видео социалдык тармактарга тарады. Анда жазылган маалыматтарга ылайык, окуя Кувейттеги турак үйлөрдүн биринде көзөмөл камерага тартылып калган.
Чет элдик басылмалар жазгандай, бөлмө ичинде жүргөн аял - филиппиндик үй кызматкери. Ал өз жумушун аткарып жатып, кооптуулукту байкап үй кожоюндарын чакырууга ашыгат. Бирок үйдөгүлөрдүн бири шашпагандай көрүнгөндүктөн өзү чуркап жетип, коляскадагы баланы алып кетет. Андан саналуу гана секунд өтүп, шып бала жаткан орунга урап түшкөн.