Жубайлар ортосундагы көзгө чөп салуу жана зордуктоого - өлүм жаза. Брунейде Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргени жатат

Брунейде жубайлар ортосундагы көзгө чөп салуу жана зордуктоо беренеси боюнча соттолгондор өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары аталган өлкөнүн башкы прокуратурасынын маалыматына таянуу менен жазып жатышат.

Ушул жылдын 3-апрель күнү жогорудагы Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Ага ылайык, жубайлар ортосундагы көзгө чөп салуу, зордуктоо жана бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашуусу үчүн айыпталгандар таш бараңга алынуу аркылуу өлүм жазасына тартылат. Уурулук кылгандардын колу-буту кесилет. Жазалоонун жаңы түрлөрү балдарга карата да каралат.

Буга байланыштуу укук коргоочу "Amnesty International" эл аралык уюму билдирүү таратты. Анда Бруней тез аранын ичинде жогорудагы катаал жазалоолорду токтотуу жана чечимди карап чыгуу керектиги жазылган.

Шариятка негизделген жаңы Кылмыш кодекси Брунейде 2014-жылы күчүнө кирген. Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан аталган өлкөнүн калкы 400 миң кишиден ашуун, анын 70 пайызга чукулу мусулмандар. Жогорудагы жазалар боюнча калктын бир гана мусулман динин тутунган катмары жоопкерчиликке тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shankol88
2019-03-28 22:44:05
Туура мыйзам...
+1
PROS
2019-03-29 09:01:15
Кылгылыкты кылып туруп мен мусулман эмесмин деп танып кетишсечи, анда эмне жоопко тартылбай калабы?!)))
0
aizira
2019-03-29 13:38:13
Бизге олум жазасы эмес 10 15 жылга эркинен ажыратылса деле жакшы болмок. Эркек аялдар тыыынч журуп семялар да бузулмак эмес беле?
0
baltabaev
2019-03-31 18:34:26
Биздин жепжутаттардын буту колудору чекеден кесилмек )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан