Бангладеште 20 жаштагы келин уулдуу болуп, бир айдан кийин дагы эгиз балдарды төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бангладештин 20 жаштагы Арифа Султана уулдуу болгондон кийин, 26 күн өтүп эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келген.
"Жаш эне февраль айынын аягында уулдуу болуп, төрөт үйүнөн чыгарылган. 22-март күнү жаш келиндин суусу кетип кайра ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер аны кесарево жолу менен төрөтүп, бир кыз, бир уулдуу болгон. Төрөт үйүнүн дарыгерлери бул сейрек кездешүүчү көрүнүш келиндин эки жатыны бар экендигине байланыштырган. 26-март күнү 3 ымыркайы менен үйүнө чыгарылган, ал эми күйөөсүнүн кичинекей айлыгына кантип жашайбыз деген көйгөй менен алек", - деп айтылат маалыматта.
"Күйөөмдүн айлыгы өтө аз (ред. сомго которгондо 5 миң сомдун тегереги) 3 баланы кантип багабыз билбейм", - деген жаш эне. Ал эми эки ай аралыгында 3 балалуу болгон ата "Бул Кудайдын берген белеги, балдардын ден соолугу бекем болсун, мен алар бактылуу болуш үчүн колумдан келишинче аракет кылам", - деп билдирген.