АКШда зоологиялык дүкөндөн узундугу 1 метрден ашык питонду шымына салып уурдап кеткен жаран изделүүдө

АКШда зоологиялык дүкөндөн узундугу 1 метрден ашык питонду шымына салып уурдап кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-март күнү Мичиган штатындагы "I Love Mу Pets" аталышындагы зоологиялык дүкөндө орун алган. Анда дүкөнгө келген кардар темир тордун ичинде жаткан Паста аттуу питонду уурдап кеткен.

"Мен бул дүкөндө 4 жылдан бери иштеп келем, бул убакыт аралыгында биздин дүкөндө уурулук фактылары катталган эмес. Алгач биз Паста өзү чыгып кеттиби деп ойлогонбуз, себеби ал күнү аны жаңы ээлери үйүнө алып кетмек. Издеп таппай койгондо камерадан карап, оозубуз ачылды. Узундугу 1,2 метрди түзгөн питонду уурдаган адам аны тордон чыгарып шымына салган. Уурдагандан кийин дароо кетпей дүкөндүн ичинде дагы жүргөн. Кийин баасы 6 долларлык үйдө багуучу келемишти алуу үчүн кассага да келген. Ал питон аны чагып алса экен", - деп билдирген дүкөндүн Эмили аттуу сатуучусу.

Учурда питонду уурдаган жаранды полициянын кызматкерлери издеп жатканы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurbelek.
2019-03-29 08:52:27
Ошондо питонуңар жыланбы?
+1
PROS
2019-03-29 08:56:47
Питон чакпайт го.
+1
nurhan2702
2019-03-30 10:05:32
PROS,муунтуп салат болуш керек
0
ahun72
2019-03-29 10:13:54
Озунун питонун тиштеп албаса
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан