"Фейсбук" компаниясы ак расаны, сепаратизмди даңазалаган билдирүүлөргө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик компаниялар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган компания кастыкты козуткан чакырыктарга мурда эле тыюу салып келген. Бирок бул багытта аракет жетишсиз болгонун билдиришти. Бул аракетти күчөтүүгө Жаңы Зеландиядагы окуя себеп болгон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
15-март күнү Брентон Таррант аттуу адам Крайстчерч шаарында жайгашкан 2 мечитке кол салып, мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн манифест жарыялаган. Манифестте ал башка мечитке да кол сала турганын билдирген. Мындан 50 адам каза болуп, 50дөн ашык киши жарадар болгон.