"2019-жылдын 1-апрелинен тарта Казак жарандарынын фамилияларына "Нур" сөзү милдеттүү түрдө кошулуп баштайт", - деген гезиттеги макала WhatsApp топторунда тарап жатат. Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги бул макала тамаша экенин "Тенгриньюс" маалымат агенттигине түшүндүрдү.
"Бул маалымат фейк экенин бир нече белгилерден аныктаса болот. Мисалы, өлкөдө Индустрия жана санарип өнүгүү министрлиги жок. Экинчиден, макаланын автору "Первоапрельский Щучинск" деп жазылып турганы бул 1-апрель тамашасы деген ойго түртөт", - дешти Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинен.
WhatsApp'та тарап жаткан жалган маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-апрелинен тарта Казак жарандарынын фамилияларына милдеттүү түрдө "Нур" сөзү кошулуп башталат. Мисалы, Ахметов Нур-Ахметов, Иванов Нур-Иванов деп өзгөртүлөт. Бул маалымат "Стабильная газета" аттуу райондук гезитте 28-мартта жарыяланган.