Айдаркендин тургуну Ысык-Атага келип Жигулиден трактор курап чыкты

Мырза Таджибаев - кадимки Жигулиден кичинекей трактор курап чыккан адам. Ал иниси менен биргеликте бул ишти 1 айдай убакыттын ичинде аткарган. Мындан деле аз убакыт кетмек, Ысык-Атадан Бишкекке улам тетик издеп чапкылап жүрүп убакыттын көбү жолдо өттү дейт ал. Карлик тракторду курап жасап чыгуу үчүн Таджибаев баш-аягы 80-90 миң сомдой сарптаган.

"Иним экөөбүз атайын Ысык-Көлдөн барып Жигули сатып келдик. Башында аны айдоо үчүн эле алып келгенбиз. Бирок ушундай бир башкача нерсе жасоону пландап, идея келип калды. Мурда кийин техниканын тилин билип, өзүм Айдаркенде айыл чарба техникаларын айдагандыктан трактордун ички түзүлүшү мага бала кезден дайын. Ичинин баары эле кадимки Жигулиники. Алдыңкы дөңгөлөгүнөн бери ушул союздун жеңил унаасыныкын колдондук. Башка тетиктерден болгону арткы дөңгөлөктөрү үчүн ГАЗ-53 жүк ташуучу унаасынын алдыңкы дөңгөлөктөрүн алып келип салдык. Андан тышкары руль - Мазда маркасындагы унааныкы.

Убактыбыздын баары жолго кетти. Тельмандан (ред. Чүй облусу, Ысык-Ата району) чыгып Бишкекке "Кудайберген" базарына барабыз. Алып келген тетигибиз түшпөй калса кайра барып келебиз. Бир буроо үчүн да убара болуп барып келген күндөр болду. Барып тетиктерди сурасак же сатуучулар түшүнүшпөйт, улам эле Жигулинин чыккан жылын, сериясын сурашат. Кийинчерээк трактордун даяр боло элек вариантын видеого тартып алып, ушундай бир иш кылып жатабыз деп көрсөтүп сурап жаттык. Кызыккандар болду, бүткөндөн кийин бизге көрсөткүлө деп номерлерибизди алып калгандар да болду", - дейт каарманыбыз.

Мырза Таджибаев инженердик же атайын техникалык билим алган эмес. Айтымында, унаа башкаруу жана ага кызыгуу 4-классынан эле башталганын айтат. Кичинесинен атасын ээрчип жүрүп трактор жана башка айыл чарба техникаларын башкарууну үйрөнүп, аны оңдоого, бузулуп калса өз алдынча жүргүзүп алууну үйрөнүп алган. Башкача айтканда, анын билиминен да кызыгуусу жана аракети күч болгон.

"Билим деле алган жокмун. Жалаң эле ушул техника менен жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Айылда КамАЗ баш болгон айыл чарба техникасынан үчөө бар. Өзүм Баткен облусунун Айдаркен шаарынан болом. Үй-бүлөм менен ошол жакта болуп, кышкысын ата-энемдин жанына Чүйгө келем. Кышы бою бош жатпай ушул тракторду жасап калдым.

Мунун айырмачылыгы бензин менен жүрөт. Ошол себептен кышында айдоого да абдан ыңгайлуу жана күйүүчү майга үнөмдүү. Азырынча сокосун жеңилирээк жасап койгон экенбиз. Бул трактор менен оор соко жасап гектарлаган жерлерди айдаса болот. Мындан тышкары кышкысын алдына кар түртө турган сүрдүргүч орнотуп, эшиктин алдындагы карды күрөсө болот. Картошка жана башка жемиштерди эгүү үчүн жөөк салууга ыңгайлуу. Картошканын солдоруна түшүп түптөп, күзүндө казып алса да болот. Артына чиркегич улап жүк ташыса да боло турган. Кыскасы, буга айыл чарба шаймандарынын баарын эле чиркеп алып иш кыла берсе болот. Болгону гана ошол жардамчы соко, мала, тырмоо сыяктуу айыл чарба шаймандарын ылайыкташтырып жасап алуу керек".

Каарманыбыздын айтымында, өзү курап чыккан трактор Япония жана Кытай жасаган тракторлордон кем калышпайт. Артыкчылыгы - анын тетиктеринин тез табылышында. Үстү жабык эмес, ачык гана болгону болбосо, күчү, жасаган иши бирдей эле дейт.

"Чет өлкөдөн жасалган мындай кичи тракторлор бузулса тетиктерин табуу кыйын. Ал үчүн атайын чет өлкөдөн тапшырык кылуу керек болот. Ал эми бул трактордун тетигин табуу оңой, Жигули бардык жерде бар. Ошондой эле айрым тетиктерин колго жасап алса да болот. Аягына чыга элек иштерибиз да бар. Алдыңкы жарыктарын коюу керек, жардамчы шаймандарды жасап чыгуу керек. Бул иштер аткарылып бүтсө, толугу менен ишке даяр болот. Короодогу майда-чүйдө иштерди кылып жатабыз. Кечээ чарбактагы 20 сотых жерди 1 саатка жетпеген убакытта айдап, картошка эгип койдук", - деди Таджибаев.

Каарманыбыздын иниси Темирбек Досболов трактордун ширетүү иштерин аткарган. Ал тракторду куроодо арткы дөңгөлөктү ГАЗ-53 унаасынан алып, кичирейтип кесүү оор болду дейт. Мындан тышкары техниканын тулкусун ар кандай темирлерден, швеллер сыяктуу оор чоюндардан курап чыгышкан. Темирлерди бири-бирин бириктирүүдө мыкты ширетүү эң маанилүү дейт Досболов. Учурда трактор Тельман айылынын чарбактарында жазгы айдап-себүү иштеринде кызмат кылып жаткан учуру.

Жигулиден трактор кураган жаран: "Биздин трактор Японияныкынан кем эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Skarlett-Skarlett
2019-04-02 16:54:04
Колунузга дарт жукпасын
+10
Busi06
2019-04-03 04:36:52
Азаматсыз жердеш акам турбайбы,Кадамжайлыктар негедир ушундай ойлоп табуучу машиналар ды коп жасайт коз тийбесин Айдаркендин атыны чыгарып журобергиле жердештер ийгилик!
0
NURSAPAR
2019-04-03 14:01:44
Азамат өнөрүн өссүн! !!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан