Фарид Ниязов Кашкар Жунушалиевге: "Сиз бийликтин бул аракети келечексиз экенин жакшы билесиз"

Бүгүн, 29-мартта президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат менен кайрылды. Бул тууралуу билдирүүнү КСДПнын басма сөз кызматы таратты.

"Бизге жеткен маалыматтар боюнча, милиция кызматкерлеринин демилгеси менен Максат Чегирткеев аттуу жаран Ички иштер министрлигине жеткирилген. Ал жерден ага Апрель окуясынан жабыркагандарга дарыланууга бөлүнгөн 200 миң сомду Фарид Ниязов тартып алган деп арыз жазуу сунушталган. Чегирткеев жергиликтүү басылмалардын бирине Фарид Ниязов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, даарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон деп билдиргени боюнча макала чыккан. Бул материал чыккандан кийин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы Апрель окуясынан жабыркагандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча комиссияга тиешелүү адамдарды суракка чакырган. Мен бул убакка чейин милиция кызматкерлери интернетке чыккан жабырлануучуларды өздөрү издеп, адам укугу үчүн күрөшкөнүн уккан эмесмин. Бул жогорку жактын тапшырмасы экенин ишенимдүү айта алам. Ошондуктан бул инцидентти саясий буюртма деп кароого толугу менен укугум бар. Убагында аталган комиссия Чегирткеевге Кытайдагы бейтапканалардын бирине операцияга 4 миллион сом которгон. Операция ийгиликтүү болгон. Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы болот. Каптагаев маселенин чоо-жайын жакшы билет, ошондуктан ИИМге калп маалыматты бердиртпей, маек бердирүүнү туура көргөн. Бул саясий буйрук экенине негиз бар. 6-апрелде өтө турган КСДПнын съездин үзгүлтүккө учуратуу аракети болуп жатат.

Урматтуу Кашкар Астаканович! Сиз бийликтин бул аракети келечексиз экенин жакшы билесиз. ИИМдин кызматкерлерин саясий буйруктарды аткарууга түртпөшүңүздү суранам. Азыркы болуп жаткан окуяга эртеби, кечпи эл баасын берет", - дейт Ниязов.

Башкы прокуратура Фарид Ниязовго карата доо арыз жазылганын тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан