Орусиянын Тверь облусунун аскер бөлүгүнөн качкан сержанттын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Гарнизондун издөө тобу аскердин жансыз денесин кароосуз калган, киши жашабаган имараттардын биринен табышкан. Анын жанында ок атуучу курал октору менен табылган.
Такталбаган маалыматтар боюнча, жоокер өз жанын кыйган дешүүдө. "112" куткаруу кызматынын Телеграм каналында "Сирена" планы токтотулду, жоокер Денис Белоусов өлүү табылды" деген кыскача маалымат жазылган.
Бүгүн, 29-мартта эртең менен келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн Денис Белоусов Тверь облусунда жайгашкан Ржев шаарындагы аба-космостук күчтөрдүн 6-бригадасынан аскерден качканы тууралуу маалымат тараган. Анда белгилүү болгондой, жоокер аскердик бөлүккө келип терроризмге каршы фотоотчёт жасоо үчүн курал керек экенин айтып, улук лейтенантынан курал сурап кеткен. Лейтенант ага АК-74 маркасындагы курал, 120 огу менен 4 даана ок кутусу жана ок өтпөөчү зоот берген.