Эртең, 30-мартта "Жердин сааты" аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акция өтөт. "Жердин сааты 2019дун" максаты - табияттын маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, аны сактоого үндөө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын колдоосуна арзыган "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Акция саат 20:30дан 21:30га чейин жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү климаттын өзгөрүү көйгөйү менен күрөшүү үчүн иш-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын көрсөтүү болуп саналат.
Акция старт алгандан кийин бир жыл өтпөй бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан.
2014-жылы Кыргыз өлкөсү аталган иш-чарага биринчи жолу катышкан. Акцияга катышууну каалаган Кыргыз жарандары эртең саат 20:30дан 21:30га чейин өз ыктыяры менен электр жарыгын өчүрсө болот.