Дубайдагы кайыктардын эл аралык көргөзмөсү дүйнө жүзүндөгү беделдүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Дал ушул жерге бай кардарлар чогулуп турушат. CEO Magazine басылмасы эң кызыктуу деп саналган яхталар тууралуу жазды.
1. Majesty 140 - "суперяхта" категориясына кирет. Узундугу 43 метрден ашат. Үч палубадан турат. Ички көрүнүшү дүйнөдөгү мыкты мейманканалардын жасалгасына тең келе алат.
2. Esquel - узундугу 103 метр. Мунун жасалгасына эмес, катаал кырдаалда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө көп көңүл бурулган. Унааларды, мотоциклдерди ташууга ылайыкташкан. Ошону менен бирге суу астында жүрүүчү кайыктарды токтотууга ылайыкташкан жайы да бар.
3. Sirena 64 - гиганттардын катарына кирбегени менен өз категориясында мыкты аталат. Узундугу 20 метрден ашат.
4. B.NOW 63M - италиялык компания тарабынан сунушталган 63 метрлик яхта.
5. Foiler - уникалдуу "учуучу яхта". Көлөмү кичинекей болгону менен катуу ылдамдыкта кетип жатканда "канаттарынын" жардамы менен суудан 1 жарым метр жогору көтөрүлөт.