"Мени ырчылар көңүлдүн жаратуучусу деп айтышат" дейт обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов

"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ырына обон жазган обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкек шаарындагы күйөрмандарына жеке концертин тартуулады. Анда аткаруучу "мени ырчылар көңүлдүн жаратуучусу деп айтышат" дейт.

Концерттин аталышы: "Сезимдеги аккорддор"

Өткөн күнү: Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, 30-март

Келген коноктор: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков, Мээрим Карыпова жана ырчылар Айпери Кулбаева, Динара Тилекеева, Үмүтай Абдышева.

Алып баруучулар: Мирлан Самыйкожо, Керемет Сабыржанова.

Алгач сахнанын көшөгөсү ачылып Түмөнбөй Колдошов жана өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген ырчылар сахнада аккордеондун коштоосунда попурри аткарышты. Андан кийин Түмөнбөй Колдошов акындардын сөздөрүнө жазылган шаңдуу, бирде кайгылуу ырларга орун берди. Аткаруучу коңур үнү менен көңүлдүн черин жазган чыгармаларды аткарып, залда отургандарды өзү менен чогуу ырдатты.

Бүгүнкү күндөгү өнөрдүн шумкары, өнөрдүн тулпары атыккан аткаруучунун концертине маданият министри Азамат Жаманкулов жана коомдук фонддордун мүчөлөрү келишти. Мындан тышкары Ала-Бука районунун акими тарабынан ырчыга "Ардактуу атуул" грамотасы тапшырылды.

Министр: "Түмөнбөй Колдошов агабыздын "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ырын укканда баа бергем. Жакында эле Ош шаарына барганда Ош улуттук драма театрындагы Түмөнбай Колдошовдун жеке концертинин афишасын көрүп Бишкектин тургундарына дагы чыгармаларын тартууласа дегем. Бүгүн ошол оюм ишке ашып турат. Концерттин башында алып баруучу наам тууралуу айтып өттү, буюрса, ал жагын карайм", - деди. Бул сөздөрдөн кийин эл токтоосуз, дүркүрөтө кол чабышып, министр "ырчы наамга татыктуу окшойт" деп сөзүн айтты.

Сахнада Түмөнбөй Колдошов "Жарты кайык" чыгармасын аткаргандан кийин "ырларымды "аш" кылып алыңыздар" деп турмуштагы күлкүлүү окуяларынан айтты. "Бир жолу ырчы, алып баруучу Назира Кадыева мага "сенин обондоруңду угуп чоң киши экен деп жүрсөк, жаш бала турбайсыңбы. Атың дагы, фамилияң дагы эски экен" деген".

Ар бир ырды аткарар алдында чыгарманын жаралышын, авторлорун айтып жатып "Ак жалын" чыгармасы тууралуу буларга токтолду. "Бул ырга обон жазыш керек болуп көп ойлондум. Автору дагы ырга "ат" койгонду билбейт экен, мен дагы билбей ырга азанчы таппай кыйналганбыз", - дейт.

Концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө Түмөнбөй Колдошов ырчылар менен дуэт аткарды. Чыгармачылык кечеде чыгармалардын бардыгы жандуу үн менен аткарылгандыктан, дээрлик 4 саатка созулган концерт эч кимди зериктирген жок.

Түмөнбай Колдошов: “Акындарды мен эмес, алар мени тандашат”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
interpol
2019-03-30 23:39:38
Бул чек эмес дагын далай далай бел ашып ашуу ашып чооң чооң наамдарга жетип жүрө бер. Ден соолугун бекем болсун, чыгармачылык ийгиликтер коштосун Ала-Бука жеринен чооң салам.
0
oshtuk_jigit
2019-03-31 11:08:11
самаранын эжемдин ыйын ыйдап хит болуп кети
-14
bazar
2019-03-31 11:58:44
oshtuk_jigit, Самара эжең Түмөнбайдын ырын ырдап хит болгон
+10
bekmaral
2019-03-31 00:31:52
Обон жазгандарга бериш керек наамды анан бироонун даяр ырын ырдап жургондор деле алып атпайбы азыр.Толтура кээ бирлерин жакшы деле тааныбайт экенмин чынын айтсам.
+2
Aktilek2
2019-03-31 00:58:24
Алга Тумонбай
+2
Mavlyuda
2019-03-31 07:36:03
Алга алга алга. Наамга татыктуу жигит чындыгында
+2
Sakubek
2019-03-31 08:56:38
Чын эле аты эски экен
0
kuke007
2019-03-31 10:02:34
Азаматсыз агай! Баракелде! Мындан ары да чоң-чоң ийгиликтерди багындыра бериңиз.
+2
NURSAPAR
2019-03-31 11:54:12
Ырлары мазмундуу,укканда жүрөк балкый турган жакшы обончу. Азаматсың
+3
gulugulu
2019-03-31 18:05:28
Экинчи суроттогу киши Бабановго окшошуп кететкен! Бирок айылда загар жеп арыктаап кеткенине окшоштурдум. Бабанов айылда тирилик кылып журбосо керектирле озумчо ошентип окшотуп койдум.
+1
Mister-X
2019-03-31 21:52:15
Самара эми ,,эмгек синирген артист" боюнча калдыбы?Самарага, ,аткаруучу"- деген наам жетет эле.Көрө албастык эмес,наам алуу учун эмгек кыла элек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан