Адвокат жана коомдук активист Зузана Чапутова Словакияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча жеңишке жетти. Шайлоонун экинчи турунда ага жарандардын 58 пайызы добуш берген. Ал өлкө тарыхындагы мамлекетти башкарган алгачкы аял президент болуп калат. Бул тууралуу жергиликтүү Dennik N. басылмасы жазды.
Андан кийинки талапкер Еврокомиссиянын башчысынын орун басары Шарош Шефчович. Ал 42 пайыз добушка ээ болгон. Чапутова президенттик кызматка 15-июнда киришет. Ал Словакия 1993-жылы эгемендүүлүк алгандан кийинки бешинчи президент болот.
Өлкөдөгү шайлоочулардын 42 пайызы добуш берген. Бул эң аз көрсөткүч катары белгиленген. Словакияда президенттик шайлоонун биринчи туру 16-мартта, экинчи туру 30-мартта өттү.