Ырчы Нурлан Насип: "Кызыбыз өзүмө окшош экен, чоң атасы Дария деген ысым ыйгарды"

Ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен кызын бүгүн, 31-мартта төрөтканадан үйүнө чыгарды. Эне статусуна ээ болгон ырчы кызы төрөлгөндөн кийин жашоонун маани-маңызы өзгөргөнүн белгилеген.

Наристеге чоң атасы менен чоң апасы ысым коё тургандыгы белгилүү болгон эле. "Өмүрү дарыядай узун болсун деген ниет менен кызыбызга чоң атасы Дария деген ысым ыйгарды. Башка тилдердеги маанисин да карап көрдүк, алар дагы жакты. Баатыр кыздарга карата да айтылчу экен. Кызымды өзүмө окшоштуруп жатам", - деди Нурлан Насип.

Ырчы 27-мартта кечки саат 9 чамасында көз жарган. Наристе бою 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм 470 грамм болуп төрөлгөн.

Нурлан Насип: "Кызыбыз өзүмө окшош экен, чоң атасы Дария деген ысымды койду"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
zhaku2017
2019-03-31 19:00:59
Болсун. Кызын озуно окшоп, белгилуу кыздардан болсун.
+6
_adil_
2019-03-31 19:06:46
Бешик боонор бек болсун!!!
+1
bond02
2019-03-31 19:31:17
Р тамга колдонбойсунарбы силер? Ост дейт го.
-4
Kubat77
2019-03-31 20:07:49
Омурлуу ыймандуу ырыс кешиктуу кыздардан болсун. Сатыкей баатырдын урпагы.
+2
Modric10
2019-03-31 21:45:43
Нурлан жааш эле бала.
Тапичкелерди кобойто бергиле
0
vikidiki
2019-03-31 22:48:00
Омурлуу болсун балакай! Озуно окшош болсо карындаш, эжекелеринин копиясы болот го.
+1
rysik79
2019-03-31 23:43:20
Эми сразу эркек тороп бер. Насип жарылсын.
0
merim
2019-04-01 06:44:09
Мага жаккан атго.Омурлуу болсун!
0
Nurkyz1977
2019-04-01 08:37:56
Ар бир бала ата энеси менен болсун! Уй булоо аман демек бул аалам тегиз. Адамдын бактылуулугу уй булоо бутундугундо,арабыз кемибесин кобойсун. Бут элиме туболук бактылуулук каалайм! Журогунор суйунучко,мээримге толуп турсун.
+1
salon-1
2019-04-01 09:56:53
Кут болсун Нурлан Асел . кооп балалуу болгула силер учун от души суйундум
+1
-ali
2019-04-01 10:26:34
Дарья деп жазылбайбекен
-1
ruslanz
2019-04-01 11:56:29
Бешик боосу бекем болсун.Бул жанылыкты Анжеликадай кылып кайра-кайра чыгара бербегилечи.
+1
Aisuluu160790
2019-04-01 12:09:12
Бешик боо бек болсун
0
Talastan
2019-04-01 13:07:19
Негизгиси сага окшош болгону жакшы экен дагы кимге окшош деп күмөн болбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан