Түркияда жергиликтүү шайлоо өтүп жатканда ок атылды

Кечээ, 31-мартта Түркияда жергиликтүү шайлоолор өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Стамбулдагы шайлоо участогунда "Саадет" партиясынын шайлоого көз салып жаткан эки өкүлүнө ок атылды. Бул окуя эки партиянын тарапташтарынын чырынан улам чыкты. Ок аткан жарандар кармалганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Жергиликтүү шайлоого 12 партиянын талапкерлери ат салышты. Жарандар шаар башчыларын, муниципалитет башчыларын, шаардык кеңештин мүчөлөрүн, айыл өкмөт башчыларын жана аксакалдар тобун шайлоо үчүн добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан