31-мартта Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Катышып жаткан 39 талапкердин 19у саясий партиялардын атынан чыгышса, 20сы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алардын арасында Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенко, экс-премьер Юлия Тимошенко жана куудул Володимир Зеленский болгон.
Бүгүн, 1-апрелде саат 7:40ка карата алдын ала жыйынтыктар боюнча добуштардын 25,3 пайызы саналып бүтүп, Володимир Зеленский 30 пайыз, Петро Порошенко 16,8, Юлия Тимошенко 13,3 пайыз добуш алышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын 10-апрелге чейин чыгарышы керек. Талапкерлердин бири да 50 пайыздан ашык добуш топтой албаса, 21-апрелде экинчи турга катышат. Ал эми анын жыйынтыгы 1-майда белгилүү болот.
Улуттук экзит поллдун (добуш берүүгө катышкан жарандардын арасында жүргүзүлгөн расмий эмес сурамжылоо) маалыматына ылайык, 30,4 пайыз добуш топтогон Зеленский жана 17,8 добушу менен Порошенко шайлоонун экинчи туруна өттү.