Жеңил салмактагы UFC`нин чемпиону, Кыргыз жеринде туулган Валентина Шевченко социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу күйөрмандарга кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал жакында өлкөгө келерин айткан.
"Салам достор, мен үчүн абдан кубанычтуу болгон жаңылык менен бөлүшкүм келип турат. Жакында Бишкектен көрүшөбүз", - деп билдирген Шевченко.
Ал эми Кулатуу эр таймаш федерациясынын маалыматына ылайык, спортчу 7-апрель күнү келет. Шевченкону тосуп алуу жана күйөрмандар менен жолугушуу иш-чараларын аталган федерация уюштурат.
"Спорт ордосунда күйөрмандар менен жолугушуу уюштурулат жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйыны өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.