Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

29-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндөгү №6-көп кабаттуу үйдө, Орто-Сай айылында, Малдыбаев көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы Алма-Ата, Зерноток аймактарында, Маслопромский, Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Колхоз, Украинский, Панфилов, Новая, Киргизская, Логвиненко көчөлөрүндө электр энергиясы чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү электр чубалгысынын тоскоолдук жараткан бутактарды кесип, электр жабдууларын алмаштыруу иштерине байланыштуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан