Чүй өрөөнүнө болгон кезектеги саякаттардын биринде мындай жерди көрөм деп күткөн эмесмин. Бул ирет Ата Мекендик согуштан бери коргошун кени чыгарылып, ошол мезгилде өнүккөн шаарча Кемин районундагы Ак-Түзгө барууну чечтим. Советтер Союзу тарагандан кийин аталган кенге болгон талап азайып, 1992-жылы завод жабылып калганы белгилүү. Интернеттен тоого жабышып курулган үйлөрдү көрүп, конок үйлөрү аябай кызыктуу экен деп суктангам. Көрсө мен көргөн "конок үйлөр" бир кезде кен иштетүүчү комбинат экен. Барганда баары мен ойлогондон башкача болду...
- "Мектепте убагында 3 кезек менен 800дөй окуучу окуса, азыркы учурда 100 гана окуучу окуйт, жаштар жок. Учурда тарых сабагынан берген мугалим жок. Кезинде калктын саны 8 миңге жакын болсо, азыркы учурда 630. Бул жерде эң жашы биз", - деди 50 жаштагы жергиликтүү тургун.
Союз убагында фабрика иштеп, калкты жумуш менен камсыз кылып турган. Балдар бакчасы жана оорукана бар болчу. Азыр болсо фельдшердик-акушердик пункт эле бар. Мурун үйлөр борбордук жылуулукка туташкан болсо, азыр ар бир түтүн өзүнө суу жылыткычтарды орнотуп алышкан. Бирок муздак суу менен канализация иштейт.
Аймактын жогору жагында суунун боюнда жерден суу атып чыгып турат. Ал жерге эс алуучулар көп барат. Кыш мезгилинде муз тоңуп өзгөчө кооздук жаралат. Дагы бир жакшы жаңылык, 2009-жылы курула баштаган лыжа тебүү базасы быйыл ишке кирген.
Ии баса, бул аймактын тургундары орус тилдүү экенин байкадык, жолдон өтүп бара жатсаң мектептен чыгып жаткан окуучулар болобу, жолдон кезиктирген тургундарбы баары орус тилинде сылык саламдашып өтүп жатышты. Айылдын Ак-Тюз деп көпчүлүккө тараганы да ушундан болсо керек.
Айлана-тегереги өтө кооз, арчалар, атайын отургузулган ак кайыңдар курчаган бул аймакка бизге окшоп келген коноктордун, туристтердин саны абдан көп. Төрт мезгилдин ар биринде өзгөчө сулуулукка оролгон Ак-Түз айылына болгон сапар башкача сезимдерди калтырды.
Ак-Түз кайрадан гүлдөгөн аймакка айланат деп ишенели.