28-июль күнү саат 19:20 чамасында Бишкектин Свердлов районундагы Пионер көлмөсүнө чөгүп кеткен 1991-жылы туулган Бектур аттуу жарандын денеси табылды. Аны ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары табышып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда анын толук аты-жөнү жана жашаган жери такталууда.