Японияда жаңы императордун доору Рэйва деп атала турган болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга жарыялаганын The Japan Times басылмасы жазды.
Белгилүү болгондой жаңы доордун аталышын "ийгилик жана гармония" деп которууга болот. Ал VIII кылымда түзүлгөн "Манъёсю" япон поэзиясындагы тандалма чыгармалардан алынган.
Рэйва доору Япониядагы тактын мураскери Нарухито император деп жар салынгандан кийин 1-майдан тартып башталат. Анын атасы император Акихито 1989-жылы такка отурган. Ал өз каалоосу менен тактан баш тарткан.