Ырчы Айнура Салахидинова эки уулунун сүннөт тоюн өткөрүп, кызынын тушоосун кести

Ырчы Айнура Салахидинова бүгүн, 1-апрелде чоң той берип, жакшылыгын үй-бүлөсү жана жакын достору менен бөлүштү.

Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы жолдошу менен 2 уулу Дари жана Бекхандын сүннөт тоюн, кызынын тушоо тоюн жана конуштуу болушканына карата той өткөрүшүүдө.

Тойдо уулдары залга ханзаада катары киришсе, кызынын тушоо кесүү тоюнда ырчы ырдап, жакындарына жагымдуу маанай тартуулады.

Тойго ырчынын сахналаш достору келди. Саамалыкты Жылдызбек Турсунбаев алып барды. Каада-салтты аткарган ырчы кызынын тушоосун кесүү үчүн чуркагандарга сноуборд, кир жуучу машина, чаң соргуч өңдүү белектерди берди.

Айнура Салахидинова бир күндө 3 той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Wold
2019-04-01 22:30:07
Тажатты ушул саны бар сапаты жок артисттердин пиарлары...
+6
Haanykeeim
2019-04-01 23:03:21
Wold,сенден нан сурап жатабы жакпаса окубай эле кой.
-10
Krai
2019-04-02 11:18:24
Wold,адамдын жакшылыгын коро албагандарга эмне дейбиз
-3
Valley.of.the.Wolves
2019-04-02 12:59:10
Wold,эн жакшы бактылуу уй булоо экен
-2
Atisha
2019-04-02 13:36:27
Бактылуу балалык каалайм
-2
zinagull1996
2019-04-02 15:53:05
Акчаны кайдан таап жатышат а
+1
Bobby1995
2019-04-02 16:23:48
zinagull1996, ошода каяктан табат ушунча акчаны
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан