Иранда суу ташкынынан 45 адам каза болуп, 25 миңдей турак жайды сел алып кетти

Иранда 19-мартта башталган суу ташкынынан 45 адам каза болуп, 25 миң турак жайды сел алып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ирандагы суу ташкыны Голестан жана Мазандаран провинцияларында башталган. Анда 56 миңден ашык жаран жабыркаган.

Мындан улам жергиликтүү калк коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Алдыңкы күндөрү нөшөрлөгөн жаан жана катуу шамал дагы болорун эскертип жатат.

Ал эми бийлик Хузестан провинциясынан чочулап жатат. Себеби ал жакта плотина жана дарыя бар болгондуктан коркунуч жаратып, 56 айылдын тургундарын коопсуз жайларга көчүрүү менен иштөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikaaaa
2019-04-02 09:20:14
Мусулман өлкө эмес болсо, каапырларды аллах жазалап атат дейт элек. Көрсө кырсык динине карабайт экен да
+2
Wibee
2019-04-02 09:47:54
Aikaaaa,карангылыктан качан чыгабыз?
+1
Aikaaaa
2019-04-02 14:39:15
Wibee, мен ошолорго карап жазып койдум да. Мени да өкүндүрөт, мусульман, каапыр деп бөлүнө бергенибиз
-2
PROS
2019-04-02 13:06:58
Aikaaaa, ким айтты сага шииттер мусулман деп??? Иранда мусулмандар бар бирок аз. Калганы баары эле шииттер.
-2
katerina.li
2019-04-02 13:22:47
PROS,шиит болсо эмне экен. Алар адамдар эмеспи??
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан