"Алтын Асыр" клубунун машыктыруучусу "Дордой" клубу менен өтө турган беттеш тууралуу: "Биздин команданы "фаворит" деп атоодон алысмын"

"Дордой" - "Алтын Асыр" беттешинде биздин команданы "фаворит" деп атоодон алысмын. Мындай пикирин Түркмөнстандын "Алтын Асыр" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Язгулы Хожагелдиев бүгүн, 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эртеңки беттеш эки команда үчүн оор болот.

"Жаңы сезонго болгон даярдыгыбыз жетиштүү деңгээлде болду. Пландалган бардык иштерибиз аткарылды. Эч бир оюнчуларыбыз жаракат алган жок. Бир гана кемчилик сезон жаңы гана башталып жаткандыгы үчүн толук кандуу оюндарга кирише элекпиз. Андыктан эки команда үчүн тең беттеш абдан оор болот. Чыныгы күрөштү көрөбүз деп үмүт кылабыз.

"Дордой" клубу сыяктуу эле биздин да окуу-машыгуу жыйындарыбыз Түркияда өттү. Машыгуу жыйындарынан түз эле бул жакка учуп келдик. Былтыркы сезондо АФК кубогунун финалына чейин жетип бардык. Тилекке каршы АФК Кубогун жеңип алууга мүмкүн болгон жок. Менин оюмча финалдагы оюнда бизге тажрыйба жетишпей калды.

Эртеңки беттеште командамды "фаворит" деп атагандан алысмын. Былтыркы мелдеш өтүп кетти. Алдыда жаңы сезон. Эки команда тең бирдей деңгээлде", - деди Хожагелдиев.

Эртең, 3-апрелде АФК кубогунун тайпалык баскычы старт алат. 1-турда Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" клубун кабыл алат. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Башталышы 20:00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kristianuronaldu
2019-04-03 09:29:09
Кайсы каналдан корсок болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан