Бүгүн, 2-апрелде энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйынын өткөрүп, Токтогул ГЭСинен тартып, өлкөдөгү бир катар энергетика тармагы менчикке өтүп кеткен деп айтты. Өз сөзүндө эксперт "Улуттук энергетикалык холдинг" жеке башкаруудагы ишкана экенин, андагы энергетикалык ишканаларды мамлекетке кайтаруу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, аталган компания өлкөдөгү энергетика тармагынын 80 пайыздан ашуун акциясына ээлик кылат.
"Биз эң чоң байлыктарыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн"
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы боюнча айтып кетсем, 2015-жылдын декабрь айында министр Кубанычбек Турдубаев менен анын орун басары Айбек Калиев Жогорку Кеңешке "Бул жаңы түзүлүп жаткан "Улуттук энергетикалык холдингди" эч кимдин, текшерүү палатанын да текшерүүгө укугу жок болсун. Эч кимге, парламентке да баш ийбейт" деген мыйзам долбоорун алып келген. Бирок депутаттар бул мыйзам долбоорун четке кагып, кабыл албай койгон.
Бирок кийин өкмөт атайын токтом чыгарган. Анын негизинде "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы уставдык капиталы 5 миллион сом менен түзүлгөн.
Ага чейин Токтогул ГЭСи боюнча жана улуттук электр тармагы жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынган. Анда "мамлекеттик үлүш 93,72 пайыз мамлекетке караштуу, эч жакка сатылбайт, эч жакка берилбейт, күрөөгө коюлбайт, эч кимге жеке башкарууга берилбейт" деп так жазылган. Менчиктештирүүгө Жогорку Кеңеш макулдугун берет деп жазылган. Андан башка мыйзамда болсо ГЭСтер, Токтогул ГЭСи, улуттук энергетикалык тармак менчиктештирүүгө Жогорку Кеңештин программасынын негизинде гана берилиши мүмкүн деп айтылган. 2014-жылы өкмөт тарабынан электр станциялары, Шамалды-Сай, Токтогул, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-1,2, Бишкек, Ош ЖЭБдери сатыкка коюлбайт деген токтом бекитилген. Жогорку Кеңеш 2015-жылы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомду бекиткен. Анда энергетика тармагын менчиктештирүүгө уруксат берилген. 2016-жылы 18-майда дагы токтом чыккан, анын негизинде парламент 9 энергетикалык компанияны сатыкка коюлсун деп уруксат берген. 80,49 пайыз акция толугу менен "Улуттук энергетикалык холдингге" өткөрүлсүн, сатылсын деген тапшырма берилген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 6 миллиард 240 миллион сомду "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасына өткөрүп бергиле" деген тапшырма берилип, ал өткөрүлгөн.
Экперттин талаптары:
Умбеталиев өз сөзүндө Кыргыз жеринде тоо, суу, кен сатылып кетти деп, 6 миллион калк аба менен калабы деген ой түйшүккө саларын белгиледи. "Кыргыз газдын" сатылышын мисал келтирип, мындай көрүнүштөрдү токтотуу өтүнүчү менен президентке кайрыларын айтты.
"Муну өкмөт да, Жогорку Кеңеш да токтото албайт. Мындай жагдайда президенттен чечкиндүү кадамдар жасалышы керек. Кечиктирбестен биздин түбөлүктүү жана чоң байлыгыбыз болгон электр тармактарын мамлекетке кайтарбасак, алар да менчикке сатылып кетиши мүмкүн", - деп төмөнкүдөй талаптарды атады.
- "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы жоюлуп, ордуна министрлик түзүлсүн;
- Бул тармактын жеке жакка өтүшүнө шарт түзгөн тиешелүү адамдар жоопко тартылсын;
- Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын өзгөртүү боюнча токтому жокко чыгарылсын.
Бул боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг ишканасы" ААКсы эмне дейт?
Аталган ишкананын билдирүүсүнө ылайык, Умбеталиев коомчулукка маалыматты туура эмес багытта таратууда. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы белгилегендей, "Токтогул гидроэлектр станциясы жана улуттук жогорку кубаттуулуктагы электр өткөрүүчү линиялардын өзгөчө макамы" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Токтогул ГЭСи, Бишкек жана Ош шаарындагы ЖЭБ, курулуп жаткан ГЭСтердин базасында, 2001-жылдын 18-октябрында 93,72 пайыз менчик менен "Электр станциялары" ААКсы түзүлгөн.
"Ошол мыйзамда: "Акциянын мамлекетке тиешелүү болгон 93,72 пайызы сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, өлкөнүн тышкы карызын жабуу үчүн алмаштырылбайт, ишенимдүү башкарууга берилбейт, Жогорку Кеңештин уруксатысыз жаңы акциялар чыгарылбайт", - деп жазылган. Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн Токтогул ГЭСи "Электр станциялары" ААКсы түзүлгөнгө чейин эле менчикте болгон. Ошону менен катар, Улуттук энергетикалык холдинг ишканасы Коргоо кеңешинин 2015-жылдын 28-апрелиндеги энергетикалык тармакты өнүктүрүү жөнүндөгү чечимине ылайык түзүлгөн.
Өкмөттүн 2015-жылдагы "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасында "Улуттук энергетикалык холдингди" түзүү менен өлкөнүн энергетика тармагын реформалоо каралган. Мындан тышкары өкмөттүн 2016-жылдын 6-январындагы токтомдун, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2016-жылдын 29-январындагы чечиминин, өкмөттүн "Энергетика тармагын реформалоо боюнча иш-чаралар" жөнүндөгү токтомунун, Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктөрүн менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндөгү токтомдорунун негизинде түзүлгөн.
Ушул токтомдордун негизинде, 2016-жылдын 19-августунда "Улуттук энергетикалык холдингдин" акционерлеринин кезексиз жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик акциялык пакеттерди коомго өткөрүү менен анын уставдык капиталын кеңейтүү чечимин кабыл алган. Анда мамлекеттик акциялык пакетти "Электр станциялары", "Кыргызстандык улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" "Чакан ГЭС" жана "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" акционердик коомдоруна өткөрүп берген.
Жогоруда айтылгандай мыйзамга ылайык, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын мамлекетке тиешелүү акциясы сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, өлкөнүн тышкы карызын жабуу үчүн алмаштырылбайт, ишенимдүү башкарууга берилбейт", - деп жазылат "Улутттук энергетикалык холдингдин" маалыматында.