Жер жүзүндө адамдардын саны 7 миллиард 700 миллионго жетти. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча калктын саны 2050-жылы 9 миллиард 700 миллионго жетет. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Калк жана өнүгүү боюнча комиссиянын жыйынында көрсөткөн отчётунда айтылат. Маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Калктын саны 2019-жылы 7,7 миллиардга жетти. Адамдардын саны өсүп жатканы менен өсүү темпи төмөндөгөн. XXI кылымдын соңунда жашоочулардын саны 11 миллиардга жетиши мүмкүн", - деп айтылат БУУнун отчётунда.
Мындан тышкары калктын санынын өсүшү жаратылыш ресурстарынын азайышына жана планетанын экосистемине күч келтириши мүмкүн экени белгиленген.
Бүгүнкү күндө шаарда жашагандар 56 пайызды түзсө, 2050-жылы калктын 68 пайызы шаарларда жашап калышы ыктымал. Адамдын орто жаш курагы 2019-жылы 72 жаш 3 ай болсо, 2030-жылы көрсөткүч 74 жаш 3 ай болушу мүмкүн.
Жердеги жашоочулардын саны 2011-жылы 7 миллиардга жеткени айтылган эле.