Бакыт Төрөбаев: "Бүгүн сиздер менен чогуу революция жасайбыз"

Депутат Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарындагы заманбап модернизациядан өтүп, суткасына 120 тонна буудайды иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар “Дан-Юг” ун заводунун ачылышына катышты. Аталган завод “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан ачылган 33 ишкананын катарына кирет.

Депутат бул завод ЕАЭБге киргенден бери иштебей, мында эмгектенгендер чет өлкөгө мигрант болуп кетишкенин, казынага 650 миллион салык түшпөй калганын, кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик аркылуу кирген ун базарларды каптап, ага өкмөт убагында чара көрбөгөндүгүнө токтолду. Эгерде завод иштесе, адамдар жумуш менен камсыз болуп, мамлекетке салык түшөт, темир жол иштеп, социалдык фондго, пенсияга, жөлөк пулга жардам болорун эл өкүлү кошумчалады. Ошондой эле мекендештерди ата мекендик өндүрүштөн чыккан продукцияларды сатып алууга чакырды. Анткени, ар бир сатылган товар – бул бир жумуш орундун сакталып калышына жардам болоорун эл өкүлү билдирди.

Бакыт Төрөбаев заводдун ачылышына келген катышуучуларга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып: “Бүгүн сиздер бата берип, кнопканы басасыздар. Сиздер менен чогуу революция жасайбыз. Бул бийликти басып алуу эмес, индустриализация сыяктуу жаңы технологиялык түзүлүштүн өнүгүүсү болот. Урматтуу өкмөт! Облустук администрация, мэрияга кайрылам. Эгерде ата мекендик өндүрүшкө бүгүнкүдөй кайдыгер мамиле жасап, коргоо чараларын көрбөсө жалпы өндүрүш кыйроого учурайт. Кайсы тармак болбосун, биз өзүбүздүн оюбуз, тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз жана кантип жумуш орун түзүүнү билебиз”, - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2019-04-03 18:44:51
Ушинтип озубуздон чыгарса болот,дайыма эле сырттан ташып келип,сол чонтоко тыга бербей.Канчалаган жумуш орду тузулуп атат,мындан ары да ушуга окшогон ишкерлерге шарт тузуп бериш керек.
+3
u02u02
2019-04-03 18:55:07
Бакыт Торобаев эн куу адам экен парламентке шайланып келип 3 жыл балыктай отуруп эми ишканаларды ачып дагы мынчаны ачабыз деп убадаларды берип элдин конулун буруп озуно жана партиясына УПАЙ топтоп жатат себеби 2 жылдан кийин ШАЙЛООО!!! Шайлоо жакындаганда гана эмес ар дайым ушундай иштесе балким онугуп кетмекпиз.....
+5
kuttubekuzgen
2019-04-03 20:31:03
u02u02,эки эмес бир жылдан кийин.
+1
Sakubek
2019-04-03 19:51:23
Ар бир сатылган продукциядан мага акча тушуп турат деп эле ачык айт да
+5
Azi81
2019-04-04 08:31:22
Бакыт торобаевди эл жакшы билет кимге чапан жаап ким менен дос болуп депутат болгонду эл таразалайт онугуу бул эл учун иштебей калдыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан