Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл Инстаграмга баракча ачышты

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл Инстаграм социалдык тармагына жеке баракчасын ачышты. Биринчи билдирүү 2-апрелде кечинде жазылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биздин расмий баракчабызга кош келиңиздер! Бизди алдыга сүрөгөн идеяларыбыз, колдоого алган долбоор, маанилүү жарыяларыбыз менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн жана маанилүү маселелерди көтөрүп чыгууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Колдоого алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп жазылат биринчи чыгарылган билдирүүдө.

Алгачкы билдирүүгө герцог жана герцогиня Сассекскийлердин эмблемасынан сырткары түгөйлөрдүн ар кайсы өлкөлөрдөгү сапарынан тартылган 9 сүрөт тиркелген. Белгилүү болгондой буга чейин түгөйлөрдүн жашоосу тууралуу маалыматтар ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтондун расмий баракчасына чыгарылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан